КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-сентябры № 195
"Биримдик" Азаттык. Калыстык. Мекен" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-, 4-, 11-пункттарын, 73-беренесинин 1-, 3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Биримдик" Азаттык. Калыстык. Мекен" саясий партиясынан көрсөтүлгөн 120 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. "Биримдик" Азаттык. Калыстык. Мекен" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. "Биримдик" Азаттык. Калыстык. Мекен" саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага | А.Сариев |