Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 89 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-сентябры № 196
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, 3-пунктчаларына, 40-беренесине ылайык, таза жана ачык-айкын шайлоолорду камсыз кылуу, ошондой эле шайлоочулардын кайталап добуш берүүсүн болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо колдонулсун.
2. Шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо тартиби бекитилсин (тиркелет).
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |