Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-сентябры № 199
Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасынын, комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсү Т.К.Абдыкеевди комиссиянын жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз дайыма катышпагандыгы үчүн комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө берген сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, 3-пунктчаларына, 16-беренесинин 3-пунктуна жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Акыйкат" ("Справедливость") партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Абдыкеев Тынчтык Кубанычбекович курамдан чыгарылсын;
- "ЭрК" партиясынан көрсөтүлгөн Үмөталиева Зурабүбү Курманкуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |