Редакцияот 07.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 7-сентябры № 213

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-11-пункттарын, 73-беренесинин 1-,3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн 120 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).

2.«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.

3. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

 

Төрага

А.Сариев