Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-сентябры № 214
«Айкөл Эл» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-,11-пункттарын, 73-беренесинин 1-,3-пунктарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Айкол Эл» саясий партиясынан көрсөтүлгөн 120 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. «Айкол Эл» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. «Айкол Эл» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага | А.Сариев |