Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-сентябры № 219
«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына, 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
-Азаркул кызы Зинагюль - финансы маселелери боюнча;
-Бакировой Халимы Зиевны - шайлоо боюнча.
2. 2010-жылдын 12-августундагы № 031, № 032 каттоо күбөлүктөрү аксыз деп табылсын.
3.«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Кененсариева Тамара Абдыкадыровна - финансы маселелери боюнча;
-Сасыбаева Асылкул Токуровна - шайлоо боюнча.
4. Саясий партиянын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ыйгарым уктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгү берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын
Төрага | А.Сариев |