КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-сентябры № 222
«Ак Санат» Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-, 11-пункттарын, 73-беренесинин 1-,3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 «Ак Санат» Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн 118 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2 «Ак Санат» Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3 «Ак Санат» Элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин
Төрага | А.Сариев |