Редакцияот 09.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 9-сентябры № 229

«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,20-,24- пунктчаларын, 27-беренесинин 1-,2-,4-,11- пунктчаларын, 73-беренесинин 1-,3- пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн 120 сандагы депутаттардын тизмеси катталсын (тизме тиркелет).

2. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин саны "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.

3. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин

 

Төрага

А.Сариев