Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-сентябры № 230
Республикалык коомдук-саясий партиясы «Кыргызстан үй куруучулар партиясынан» талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,20-,24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-,2-,4-,П- пунктчаларын, 73-беренесинин 1-,3- пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Республикалык коомдук-саясий партиясы «Кыргызстан үй куруучулар партиясынан» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн 100 санындагы депутаттардын тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. Республикалык коомдук-саясий партиясы «Кыргызстан үй куруучулар партиясынан» көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин саны "Эркин Тоо"газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. Республикалык коомдук-саясий партиясы «Кыргызстан үй куруучулар партиясынан» катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин
Төрага | А.Сариев |