Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-сентябры № 233
Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
"Жашасын Кыргызстан", "Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаратуу партиясы" саясий партиялары ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жөнүндө билдирүү бергендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-пунктчаларьш, 26-беренесинии 3-,6-,7-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саясий партиялардын шайлоо боюнча төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
«Жашасын Кыргызстан» саясий партиясы:
-Типеров Александр Владимирович.
«Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаратуу партиясы» саясий партиясы:
-Тугугбаева Анара Ишимкановна.
2. 2010-жылдын 13-августундагы № 027, № 047 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын
3. Саясий партиялардын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
«Жашасын Кыргызстан» саясий партиясы:
-Зайков Андрей Флегонтович.
«Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаратуу партиясы» саясий партиясы:
-Фомина Алевтина Васильевна.
4. Саясий партиялардын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүктөрү берилсин.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |