Редакцияот 12.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-сентябры № 236

«Кыргызстанлын Элдик демократиялык партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы, № 210 токтому менен "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталган.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка катталган Расулов Вахобжон Ахмадовичтен Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аны «Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арызы түшкөн.

Катталган талапкердин жазуу жүзүндө берген арыздарына байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Расулов Вахобжон Ахмадович чыгарылсын.

2. "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан катталтан талапкердин 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 9 күбөлүгү жараксыз деп табылсын

3.Бул токтом "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясына билдирилсин.

 

Төрага

А.Сариев