Редакцияот 14.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 14-сентябры № 248

2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Эл аралык байкоочулар катары ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан төмөнкү өкүлдөр (тиркемеге ылайык - 3 адам) аккредитациялансын.

2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШК мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев