КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 15-сентябры № 253
Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө
Шайлоочулардын тизмелеринин сапатын жакшыртуу жана жарандардын шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу мүнкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 23-беренесин, 15-беренесинин 1-, 2-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускасынын санын бекитүү жөнүндө" токтомун аткарууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
-шайлоочулардын тизмелеринин үчүнчү нускасын участкалык шайлоо комиссияларынын атайын даярдалган такталарына 2010-жылдын 20-сентябрынан кечиктирбестен илүүнү;
-шайлоочуларга билдирүүлөрдү 2010-жылдын 25-сентябрына чейин таркатууну.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө облустук, Бишкек, Ош шаардык, райондук, шаардык шайлоо комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганыы милдетин аткаруучу | Ж.Акматов |