Редакцияот 16.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 16-сентябры № 261

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча протоколдордун формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча УШК, РШК, ОШК протоколдорунун формалары жана үлгүлөрү бекитилсин.

2. Протоколдор разнарядкага ылайык "Учкун" ААКнын басмаканасында басып даярдалсын (разнарядка тиркелет).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Аргымбаевге жүктөлсүн

 

Төраганын милдетин аткаруучу

Ж.Акматов