Редакцияот 17.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010- жылдын 17- сентябры №262

Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулактын натыйжаларынын протоколун бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 13-пунктуна, 39- беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулактын натыйжаларынын протоколун бекитүү жөнүндө (тиркелет).

2.Бул токтом "эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШК мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ

Ж. АКМАТОВ