КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-сентябры № 267
Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 3, 4, 5, 6-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамы бекитилсин (тиркемеге ылайык).
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамы ЖМКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШК мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрагасынын милдетин аткаруучу | Ж.Акматов |