Редакцияот 20.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 20-сентябры № 268

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10- жана 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенинин текста бекитилсин (тиркелет).

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев