КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-сентябры № 271
«Республика» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына «Республика» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунушун карап чыгып, КР БШКнын 2010-жылдын 4-сентябрындагы "Республика" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө" №194 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 29-беренесинин 1-,2-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,22-,24-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Республика» саясий партиясынан ишенимдүү адамдар катары 30 адам катталсын (тизме тиркелет).
2. «Республика» саясий партиясынын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага |
|