Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-сентябры № 272
"Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунушун карап чыгып, КР БШКнын 2010-жылдын 9-сентябрындагы "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө" № 228 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 29-беренесинин 1-, 2-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынан ишенимдүү адамдар катары 22 киши катталсын (тизме тиркелет).
2. "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага | А.Сариев |