Бишкек шаары2006-жылдын 8-августу № 163 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу 2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердигижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй толук-тоолор киргизилсин: 1. 14-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын: "Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалыкжактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналы-шат.". 2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 14-2-статья менен толукталсын: "14-2-статья. Жекече күзөтчү Жекече күзөтчү күзөт уюму менен эмгек келишими боюнча иштейт жанаанын эмгектик иши эмгек мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салы-нат. Жекече күзөтчү эмгек иш-милдетин аткарат жана күзөт ишканасы тара-бынан берилген жекече күзөтчүнүн күбөлүгү болсо, ушул Мыйзамда каралганукуктардан пайдаланат. Жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алууга төмөндөгү адамдар талап-кер болууга укуксуз: 1) 21 жашка чыга электер; 2) сот чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгүчектелгендер деп табылгандар; 3) жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган оо-руга чалдыккандар; 4) билип туруп кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу барлар; 5) кылмыш жасагандыгы жагынан айып коюлгандар (мыйзамда белгилен-ген тартипте алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе чечилгенге че-йин). Жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган ооругачалдыккандарды тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиле-нет.". 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев