Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-сентябры № 276
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо, шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу,мезгилинде "Учкун" ААКнын өзгөчө иштөө режиминин, даярдоонун технологиялык процессии жана төмөн турган шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10- жана 39-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоонун коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоонун тартиби бекитилсин (№1 тиркеме).
2.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу мезгилинде "Учкун" ААКнын офсеттик цехинин өзгөчө иштоо режими бекитилсин (№2 тиркеме).
3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин "Учкун" ААКсында басып чыгаруунун технологиялык процесси бекитилсин (№3 тиркеме).
4.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин басып чыгарууда "Учкун" ААКнын басмаканасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, аппараттын кызматкерлеринин нөөмөтүнүн графиги бекитилсин (№4 тиркеме).
5.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо документтерин жеткирүү тартиби бекитилсин.
6.Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана Ички иштер министрлиги шайлоо бюллетендерин даярдоонун коопсуздугун, шайлоо бюллетендерин райондук, участкалык шайлоо комиссияларына жеткирүүнү жүргүзгөн транспорт каражаттарын коштоону
жана кайтарууну жана шайлоо комиссияларынын жайларында алардын сакталышын камсыз кылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү М.А. Корсунскийге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |