Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-сентябры № 280
2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-, 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдөн өкүлдөр аккредитациялансын:
-Ош ш. РФнын Башкы консулдугунан ( №1 тиркеме-2 адам);
-ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№2 тиркеме - 2 адам);
-Астана ш. Улуу Британия Элчилигинен (№3тиркеме - 4 адам);
-Эл аралык Республикалык Институттан (IRI) ( №4 тиркеме - 4 адам);
-Шайлоого Байкоо жүргүзүү боюнча Европа Тармактарынын Уюму (ЕНЕМО) (№5 тиркеме - 3 адам);
-Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык уюм «CIS EMO» ( №6 тиркеме 8 адам).
2.Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Акматов |