Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-сетябры № 285
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитуү жөнундө
Кыргыз республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу учүн, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 69-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2010-жылдын 10-октябрына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде даярдоого жана өткөрүүгө чыныгымдардын сметасы 7 686 500 (жети миллион алты жүз сексен алты миң теш жүз) сом бекитилсин (смета тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыковага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |