Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-сентябры № 286
Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
"Мекен Ынтымагы", "Ар-Намыс", "Республика", "Ата-Журт", "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" саясий партиялардан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндө аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:
- "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан 16 адам (тизмеси тиркелет);
- "Ар-Намыс" саясий партиясынан Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустары жана Бишкек шаары боюнча 664 адам (тизмеси тиркелет);
- "Республика" саясий партиясынан 11 адам (тизмеси тиркелет);
- "Ата-Журт" саясий партиясынан 79 адам (тизмеси тиркелет);
- "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" саясий партияларынан 2 адам (тизмеси тиркелет).
2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага | А.Сариев |