Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-сентябры № 287
2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочулар катары аккредитациялансын:
- Казакстан Республикасынын элчилигинен (№ 1 тиркеме - 2 адам);
- ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№ 2 тиркеме - 3 адам);
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Кызматташтыгынын байкоочулар Миссиясынан (№ 3 тиркеме - 59 адам);
- Шайлоо системаларынын эл аралык фондунан (IFES) (№ 5 тиркеме - 2 адам);
- Астана шаарындагы Польша Республикасынын Элчилиги (№ 5 тиркеме 2 адам).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.
5. Бул токтом КР БШК мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |