ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-сенятбрындагы № 290 «2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому

Редакция30.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 30-сенятбры № 290

2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Эл аралык байкоочу катары катталсын:

-Ислам Конференциясы Уюмунан (№ 1 тиркеме - 6 адам);

-Астана шаарындагы Польша Республикасынын элчилигинен (№2 тиркеме - 1 адам);

-ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№3 тиркеме - 48 адам);

-ЕНЕМО (№4 тиркеме - 37 адам).

2.Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер нистрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом ЖМКга жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев