Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-сентябры № 291
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө Кодексинин 77-беренесинин ченемдерин колдонуу жөнүндө
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тартибин түшүндүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Шайлоо жөнүндө Кодексти жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө Кодексинин 77-беренесинин ченемдерин колдонуу боюнча" Түшүндүрмө бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 291 токтому менен бекитилген |
2010-жылдын 27-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин (мындан ары текстте - Шайлоо жөнүндө Кодекси) ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
1. Шайлоо жөнүндө Кодекстин 77-беренесинин 2-пунктуна ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн талапкерлеринин тизмеси боюнча:
- республика боюнча бүтүндөй алганда шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 5 пайызынан аз добуш алган;
- ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 0,5 пайызынан аз добуш алган саясий партиялар депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн четтетилет.
Республика боюнча бүтүндөй алганда шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 5 пайызын эсептөөдө Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары турган шайлоочулардын добуштары эсепке алынат.
Ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 0,5 пайызын эсептөөдө Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерлерде шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин добушу эсепке алынбайт.
2. Ушул Түшүндүрмөнүн 1-пунктуна ылайык, шайлоочулардын бирден же андан ашык добуш алган саясий партиялар депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алды деп таанылат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-пунктуна, Шайлоо жөнүндө Кодекстин 77-беренесинин 3-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы:
- депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган партиялар үчүн берилген добуштардын суммасын чыгарат;
- алынган сумманы 120га - бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлөт.
Мындан алынган жыйынтык баштапкы шайлоо бөлүкчө-саны (бир депутаттык мандатты алуу үчүн квота) болуп саналат.
4. Андан соң депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуучу саясий партиялардын ар бири алган добуштардын саны баштапкы шайлоо бөлүкчө-санына бөлүнөт.
Мындай бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн сан тийиштүү саясий партия алуучу депутаттык мандаттардын санын билдирет.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-пунктуна ылайык, шайлоонун натыйжалары боюнча эч бир партияга парламентте 65тен ашык депутаттык мандат берилиши мүмкүн эмес.
6. Эгерде ушул Түшүндүрмөнүн 4-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн иш-аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды кайталап бөлүштүрүү жүргүзүлөт.
7. Кайталап бөлүштүрүүдө баштапкы бөлүштүрүүдө 65 депутаттык мандат алган саясий партия катышпайт.
8. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул Түшүндүрмөнүн 4-пунктуна ылайык бөлүүнүн натыйжасында алынган санда эң көп бөлчөк бөлүгү (калдыгы) болгон саясий партияларга бирден берилет, бул депутаттык мандаттар бөлүштүрүлүп бүтмөйүнчө жүргүзүлөт.
Бөлчөк бөлүктөрү бирдей болгондо шайлоочулардын добушун көбүрөөк алган саясий партияга артыкчылык берилет.
Шайлоочулардын алынган добушу бирдей болгондо каттоодон мурда өткөн саясий партияга артыкчылык берилет.
9. Эгерде бир саясий партия үчүн шайлоочулардын добуштары, 65 депутаттык мандаттарды берүү үчүн зарыл болгон добушка караганда көбүрөөк берилсе, бул саясий партия бөлүштүрүлбөгөн депутаттык мандаттарды кайталап бөлүштүрүүдө катышпайт.
10. Жол берилген квотадан ашкан мандаттар ушул Түшүндүрмөнүн 5-пунктуна ылайык бөлүштүрүлбөгөн депутаттык мандаттарга кошулат жана 65 депутаттык мандаттан аз алган саясий партиялардын арасында кайталап бөлүштүрүү жүргүзүлөт.
11. Кайталап бөлүштүрүүнү жүргүзүүдө Борбордук шайлоо комиссиясы:
- Шайлоо жөнүндө Кодекстин 77-беренесинин 3-пунктунун 2-абзацына ылайык депутаттык мандаттарды баштапкы бөлүштүрүүдөн кийин калган бөлчөк бөлүгүнүн өлчөмүнө ылайык, бөлчөк бөлүгүнүн чоңдон азын карай саясий партияларды ранжирлейт (кезектүүлүгүн аныктайт);
- аныкталган кезектүүлүк тартибинде ар бир саясий партияга бирден бөлүштүрүлбөгөн депутаттык мандаттарды берет.
Бөлүштүрүлбөгөн ар бир депутаттык мандатты берүү бардык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлүп бүткөнчө жүргүзүлөт.