Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 6-октябры № 305
2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пункттарын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берген арыздарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:
- Европа Парламентинен (№ 1 тиркеме - 11 адам);
- "СIS-ЕМО" шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык уюмунан (№ 2 тиркеме - 5 адам);
- Эл аралык мамилелердин Улуттук Демократиялык Институтунан (NDI) (№ 3 тиркеме - 2 адам);
- ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынан (№ 4 тиркеме - 9 адам);
- Шайлоо системаларынын эл аралык фондунан (IFES) (№ 5тиркеме - 1 адам);
- Ислам Конференциясы Уюмунан (№ 6 тиркеме - 1 адам);
- Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилигинен (№ 7 тиркеме - 4 адам);
- АКШ Элчилигинен (№ 8 тиркеме - 10 адам);
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочулар Миссиясынан (№ 9 тиркеме - 5 адам);
- Азия жана Африка элдеринин тилектештигинин Россия коомчулугу (№ 10 тиркеме - 4 адам);
- Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин өкүлчүлүгү (№ 11 тиркеме - 6 адам);
- Токио шаарындагы "Евразия клубу" бейөкмөт уюмунан (№ 12 тиркеме - 1 адам);
- Норвегия Хельсински Коми тети (№ 13 тиркеме - 1 адам);
- Индонезиянын Ташкент шаарындагы Элчилиги (№ 14 тиркеме - 1 адам).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом ЖМКга жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |