ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 6-октябрындагы № 306 «2010-жылдын 5-октябрындагы № 48 КСДП саясий партиясынын арызы жөнүндө» токтому

Редакция06.10.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 6-октябры № 306

2010-жылдын 5-октябрындагы № 48 КСДП саясий партиясынын арызы жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 36-беренесинин 7-пунктун жана 55-беренесин жетекчиликке алып, талкуунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КСДП саясий партиясынын арызы Башкы прокуратурага жөнөтүлсүн жана арызда көрсөтүлгөн фактылардын аныктыгы, ошондой эле 24.кg маалыматтык агенттигинин сайтында баяндалган фактылардын аныктыгын аныктоону өтүнөт.

2. КСДП саясий партиясы арызда көрсөтүлгөн маселелерди сот тартибинде чечүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурсун.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом ЖМКда жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү Р.Б.Бекбасаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев