Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-октябры № 316
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 39-беренесинин 12-пунктун колдонуу жөнүндө Түшүндүрмөнү бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 39-беренесинин 12-пунктун бир түрдүү колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 39-беренесинин 12-пунктун колдонуу жөнүндө Түшүндүрмө бекитилсин (тиркелет).
2. Шайлоо технологиялары бөлүмү бул токтомду төмөн турган шайлоо комиссияларына билдирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.С.Сооронкуловага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын 2010-жылдын 8-октябрындагы № 316 токтому менен бекитилген тиркеме |
Бул түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу принцибин жүзөгө ашыруу жана сактоо (Шайлоо жөнүндө кодекстин 6-беренеси), жарандардын эркин эрк билдирүүсүнө кандайдыр-бир контролдукту жана добуш берүү учурунда бурмалоону болтурбоо максатында иштелип чыккан.
1. Шайлоо бюллетени - шайлоочунун эркин эрк билдирүүсү жөнүндө баштапкы жана юридикалык жактан маанилүү маалыматты камтыган, добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочуга берилүүчү белгиленген формадагы документ. Бул шайлоо документи так отчеттуулуктагы документ болуп саналат. Шайлоо бюллетендеринин негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталгандыгына байланыштуу, шайлоочуга шайлоо бюллетендерин добуш берүүчү жайдан алып чыгууга тыюу салынат.
2. Шайлоочуга шайлоо бюллетенин кандай түрдө болбосун көчүрүүгө, анын ичинде мобилдүү телефондон, фотоаппараттан сүрөткө тартууга жана видеокамерага тартууга тыюу салынат.
3. Эгерде шайлоочу Шайлоо жөнүндө Кодекстин 39-беренесинин 12-пунктун бузуу менен шайлоо бюллетенин алып чыгууга же сүрөткө тартууга аракет жасаса, ал шайлоочунун добуш берүү жол-жобосу жагдайларды аныктаганга чейин токтотулушу керек. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 57-1 беренесине ылайык, шайлоо комиссияларынын жайларынан бюллетендерди мыйзамсыз алып чыгуу, ошондой эле бюллетендерди көчүрүү жарандарга бештен онго чейин, кызмат адамдарына - жыйырмадан отузга чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө айып салууга алып келет.