Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-октябры № 318
Бишкек шаарынын Свердлов райондук шайлоо комиссиясында КР ИИМнин Академиясынын курсанттарынын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүсү жөнүндө
КР ИИМнин Академиясынын курсанттарынын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүсү боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук шайлоо комиссиясынын аракеттери жөнүндө "Ар-Намыс" саясий партиясынын өкүлдөрүнөн келип түшкөн арызга байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 33-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн маалымкаты эске алынсын.
3. Шайлоо бюллетендеринен тышкаркы бардык материалдар андан аркы териштирүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.С.Лиге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |