Редакцияот 31.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 31-октябры № 328

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын контролдоо-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө

Контролдоо-текшерүү тобунун маалыматын угуп жана "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 51, 52-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 41 токтому менен бекитилген саясий партиялардын шайлоо фонддорунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө Нускаманын 6-пунктунун 6, 5-пунктчаларын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Саясий партиялардын атайын шайлоо эсебинде турган акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө контролдоо-текшерүү тобунун маалыматы эске алынсын (тиркеме).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө контролдоо-текшерүү тобунун жетекчиси А.Абдыкалыковага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев