Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш чаралардын Календарлык планы жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2011-жылдын 10-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгынын негизинде, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш чаралардын Календарлык планы (тиркелет) бекитилсин.
2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |