Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-февралы № 7
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерлерден депутаттык мандатты алуудан баш тарткан "Республика" саясий партиясынан Байтереков Курманбек Анарбековичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Зулпуев Абдивана Моминовичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Каратаева Минавар Абдуллаевадан (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), "Ата-Журт" Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан Сулейманов Бахадыр Искаковичтен (2010-жылдын 21-декабрындагы арыз) кат жүзүндө арыз түшкөн.
Бирок, 2011-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Сулейманов Бахадыр Искаковичтен депутаттык мандатты алуу тууралу мурда берилген арызды кайтарып алуу тууралу арыз түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексин колдонуу тартиби жөнүндө" 2011-жылдын 10-февралындагы № 157-V токтомунун негизинде, "Жарандардын даттанууларын жана арыздарын, сунуштарын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 7-пунктун, 9-беренесинин 9-пунктун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү Кодекстин 78-беренесинин 3-пунктун, "Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байтереков Курманбек Анарбековичтин, Зулпуев Абдивап Моминовичтин, Каратаева Минавар Абдуллаеванын арыздары канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп "Республика" саясий партиясынан Дыйканбаев Курманбек Сапарович, "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан Сулейманов Бахадыр Искакович катталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган "Республика" саясий партиясынан Дыйканбаев Курманбек Сапаровичке, "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан Сулейманов Бахадыр Искаковичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылсын.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |