Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 16
2011-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулардын (чет өлкөлүк) күбөлүктөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 18-беренесинин 8-пунктун жетекчикке алып, 2011-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулардын катышуусун уюштуру маскатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2011-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулардын күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин (№ 1,2 тиркеме).
2. Шайлоо технологиялары бөлүмү эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын күбөлүгүн даярдоону аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ьлайык КР Президентинин Иш башкармалыгынын басмаканасында даярдоону уюштурсун.
3. Бул токтом ЖМКга жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шайлоо технологилары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Л.А.Кутуевага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |