Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2006-жылдын 21-августу № 174
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 127-статьяда:
статьянын аталышындагы "жана балатылар" деген сөздөр ", жаш балатылар жана өзгөчө баалуу дарактар породалары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Тиричиликте пайдалануу максатында (от жагуу жана отун) өзгөчө баалуу дарактар породаларын мыйзамсыз кыюу, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтөрдүн ондон он бешке чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле иш-аракеттер администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтөрдүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга болбосо он беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтөрдүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2006-жылдын 30-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |