Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели № 19
2011-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2011-жылдын 17-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берген арыздарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочу катары аккредитациялансын:
- Эл аралык Республикалык Институтунан (IRI) (№ 1 тиркеме);
- Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинен (№ 2 тиркеме);
- Улуттук Демократиялык Институтунан (УДИ) (№ 3 тиркеме).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилсин.
4. Ушул токтом ЖМКга жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү А.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрагасы | А.Сариев |