КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
2017 жылдын 14 июнундагы № 156 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-июлу №6
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формасы жана үлгүлөрү бекитилсин (№ 1-22 тиркеме).
2.Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |