Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-июлу №11
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-инин 1-болүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна тлапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |