Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2017 жылдын14 июнундагы № 152 токтомуна ылайык күчун жоготту деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-июлу №13
"Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы угүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилиндеги алардын ишинин тартиби жөнүндө" Жобо тууралу
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 8-беренесинин 1,2-бөлүмдөрүн, 11, 22-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну билдирген Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын Борбордук шайлоо комиссиясында аккредиттөөнү уюштурууну жана жүргүзүүнү өз убагында маалымдоо үчүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1."Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилиндеги алардын ишинин тартиби жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын маалымат-аналитикалык бөлүмү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредиттөөнүн шарттары тууралу Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берсин; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигинен аккередиттөөдөн өткөн чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде иштин тартиби тууралу маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын маалымат-аналитикалык бөлүмү аталган Токтомду жана "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын акредиттөөнүн тартиби жөнүндө" Жобону Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Аталган токтомду контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |