Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
2016 жылдын 9 ноябрындагы № 197 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-июлу №14
"2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоодо эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш-аракеттеринин, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарынын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочулардын ишинин тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1"2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө " Жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Эл аралык (чет элдик) байкоочуну аккредиттөөгө арыздын үлгүсү бекитилсил (№ 2 тиркеме).
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министлигине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын орун басары Г.К. Журабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |