Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июлу №19
«Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2011-жылдын 30-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 «Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө» Жобо бекитилсин (№1 тиркеме)
2.Шайлоочулар жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү формасы бекитилсин (№2 тиркеме)
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |