Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июлу №20
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жумушчу топ жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүн, 10-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2, 29-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу, эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун уюштуруу боюнча маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жумушчу тонтун курамы бекитилсин (тиркелет).
2. Жумушчу топтун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мучөсү А.Ж.Баялиногз бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |