Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июлу №22
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө" 2011-жылдын 30-июнундагы №916-V токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин гаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесинин негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12-пүнкттарын. 25-беренесинин 2,3,6,7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын алдын ала сметасы 449 439 600 (төрт жүз кырк тогуз миллион төрт жүз отуз тогуз мин, алты жүз) сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү бекитилген сметага ылайык финансылоону жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага | Т.Абдраимов |