Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июлу №26
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үнүн шайлоо фонддорун түзүү боюнча шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 6-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун эсебин ачуу үчүн банк мекемеси болуп "РСК Банк" ААКы белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам
Төрага | Т.Абдраимов |