КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу №32
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында контролдук-текшерүү тобун түзүү жөнүндө
2011-жылдын 30-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлунгөн каражаттарды максаттуу чыгымдоого контролдукту жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 42-беренесинин 2,3,6-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2011-жылдын 30-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу чыгымдоого контролдукту жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында контролдук-текшерүү тобу түзүлсүн.
2.Контролдук-текшерүү тобунун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борборду комиссиясынын мүчөсү Асаналиев Алмаз Турдакунович дайындалсын.
3.Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кароосуна контролдук-текшерүү тобунун курамы боюнча сунуштарын киргизсин.
4.Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси 2011-жылдын 22-."Кыргыз Республикасынын. шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Жобону иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кароосуна жана ю киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |