Редакцияот 19.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 19-июлу № 34

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди: А.К.Мадумаровдун 2011-жылдын 14-июлундагы анын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Мамытовду каттоо жөнүндө сунуштамасын, Б.Мамытовдун 2011-жылдын 14-июлундагы, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арызын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мамытов Бекибай, 1951-жылы туулган, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы катталсын.

2. Мамытов Бекибайга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов