Редакцияот 19.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 19-июлу №38

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн чүчүкулак өткөрүү боюнча Комиссиясын түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 4, 8-бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндөгү" Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчун чүчүкулак өткөрүү боюнча Комиссиясы төмөнкү курамда тузүлсүн:

 Бапанова Ж.Б.                       - комиссиянын жетекчиси;

 Каялинов А.Ж.                        - комиссиянын мүчөсү;

Баатырова Г.М.                       - комиссиянын мүчөсү

 

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шаимкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов