Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-июлу №51
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты К.С.Айтматовдун депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты К.С.Айтматовдон депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү келип түшкөн арызды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Айтматов Куштарбек Суюмбаевичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун, ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча түшкөн арызына байланыштуу.
2.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Айтматов Куштарбек Суюмбаевичтин №094 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3.Ушул токтом "Эркин Too" маалымат каражатына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарыА.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |