Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июлу № 58
Тил боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн Тил боюнча комиссиянын курамы бекитилсин (курамы тиркелет).
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |
1 | Акматалиев Абдылдажан Амантурович | Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик | 39 19 32 (иш) 25 70 56 (үй) (у.) 0543 92 83 86 |
2 | Исаков Каныбек Абдуваситович | Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор | 03222 - 22273 (иш) 03222 - 44040 (иш) 03222 - 66049 (иш) (у.) 0772 00 08 35 |
3 | Искендерова Суусар Искендеровна | Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору, филология илимдеринин доктору | 21 78 11 (иш) 69 12 91 (иш) (у.) 0773 49 42 22 |
4 | Казиев Нурбек Кожоярович | КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциянын башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты | 67 58 41 (иш) 66 22 88 (иш) (у.) 0775 58 15 81 |
5 | Рыскулова Гулжамал Уметкуловна | Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты | (03722) 74506 (үй) (у.) 0770 60 92 20 |
6 | Омурканов Анатай | Кыргыз Республикасынын эл акыны | (у.) 0550 96 38 72 |
7 | Исамидинов Искендер Чонмурунович | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор | 32 33 94 (иш) |
8 | Нурманбетов Тынчтыкбек | КР Өкмөтүнүн «Кырчын» журналынын башкы редактору, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер | 62 57 68 (иш) 63 76 88 (үй) (у.) 0558 80 09 29 |
9 | Батаканова Светлана Топчуевна | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент | 54 05 36 (иш) 44 93 31 (үй) (у.) 0550 53 79 56 |
10 | Василькова Галина Алексеевна | Кыргызстан-Россия Славян университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты | 63 58 64 (үй) (у.) 0550 28 28 30 |